Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 14:11
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

«Кыргыз Республикасынын аймактарында туризм секторун өнүктүрүү» боюнча бизнес форум өттү

14.05.2022 19:55
1763
«Кыргыз Республикасынын аймактарында туризм секторун өнүктүрүү» боюнча бизнес форум өттү



Бүгүн, 14-майда Чолпон- Ата шаарында «Кыргыз Республикасынын аймактарында туризм секторун өнүктүрүү» боюнча бизнес форум Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун катышуусунда өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.


Анда өлкөдөгү жети дубандын айланасында туризмди өнүктүрүү боюнча долбоорлор, маданий мурастарды сактоо, экотуризмди туруктуу өнүктүрүү, Ысык- Көл облусундагы аба майдандарын өнүктүрүү, Кыргызстандын туризм дараметин ачып берүүдө артыкчылыктуу багыттары жана туризм тармагындагы сапатты эл аралык деңгээлге жеткирүү зарылдыгы талкууланды.


Форумдун жүрүшүнө Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, туристтик секторлордун өкүлдөрү, элчилер жана ишкерлер, туризм тармагына тиешелүү долбоорлордун жетекчилери катышты.


Ошондой эле, учурда аны менен катар "Рух ордо" комплексинде жарманке өтүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн