Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамга кол койду.
Конституциялык мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишим боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу максатында кабыл алынган.
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин келишимине тиркеме болуп саналган Евразия экономикалык бирлигиндеги социалдык кепилдиктер, артыкчылыктар жана иммунитеттер жөнүндө жобонун ченемдерине ылайык Евразия экономикалык бирлигинин сотунун судьяларына Кыргыз Республикасынын судьяларына аталган судьяларды дайындаган мүчө мамлекеттеги жогорку соттун төрагасы үчүн каралган социалдык кепилдиктер берилет.
Ушуга байланыштуу, кабыл алынган конституциялык мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:
1) Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин сотунун судьяларына Кыргыз Республикасынын судьяларына кепилденген социалдык жактан коргоо чаралары жайылтылат, тагыраак айтканда судьянын өмүрүн мамлекеттик камсыздандыруу, судьянын ыйгарым укуктары токтотулгандыгы боюнча бир жолку жөлөкпул төлөө, ошондой эле пенсияга үстөк акы төлөө;
2) Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин сотунун судьялары болуп иштеген адамдарга пенсияга үстөк акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын судьялары болуп иштеген адамдарга жайылтылган тартипте аныкталат;
3) Евразия экономикалык бирлигинин сотунун судьяларынын ыйгарым укуктарын аткаруу мезгили судьялык иштин стажына кошуп эсептелет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн