Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк ооруканасы бейтаптарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 6-июндагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, мекемеде дарыгерлердин тобу өз ишин алып
барууда.
"Оорукана жаңы заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Бүгүнкү күндө толук кандуу иштеп, ооруканага орточо оор адамдарды жаткыра баштадык. Ал жерге 70 орун дайындалып, учурда оорукана бейтаптарды кабыл алып жатат", - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн