Бугу 14, 2024
Убакыт: 19:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргыз-Түрк ооруканасы бейтаптарды жогору жактын буйругу менен кабыл алып жатабы?

08.07.2020 14:30
1246
Кыргыз-Түрк ооруканасы бейтаптарды жогору жактын буйругу менен кабыл алып жатабы?


Кыргыз-Түрк ооруканасы бейтаптарды жогору жактын буйругу менен гана кабыл алууда. Бул тууралуу аталган ооруканада иштеген врачтардын бири “Апрель” порталына өзүнүн атын жашыруу шарты менен билдирди.


Анын айтымында, шаар боюнча бейтаптар оор абалда ооруканалардан орун издеп жатат, ошондой эле элдер көчөдө өлүп жатышат. Анткени, жаткыруу үчүн орундар жетишсиз.


Биринчиден, калп айтпайын бейтаптардын үчтөн бири Кыргыз-Түрк ооруканасына госпитализация боюнча көрсөтмөсү жок, жеңил же орточо оор абалда жаткырылып жатат. Булар үйдөн деле дарыланса боло турган. Экинчиден, алардын бардыгы жөнөкөй адамдар эмес – мэрия, прокуратура, УКМК, Экономика министрлиги жана башка жогорку жактын өкүлдөрү. Алардын көпчүлүгү жогорку жактагылар – саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, анын орун басары Мадемин Каратаев, профессор Талантбек Сооронбаев, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев менен макулдашып келишет. Кимдерди кабыл алыш керектиги боюнча тизмени дарыгерлерге Республикалык жугуштуу оорулар клиникасы берип жатат. Алар бизге фамилияларын беришет, ошолорду гана кабыл алып, ооруканага жаткырабыз. Башкаларды кабыл албайбыз. Мен билбейм, бул тизмени кайдан берип жатат, балким Штаб, балким инфекциялык оорукананын колл-борборубу? Биз инфекционист врачтар тизме тууралуу сураганда эч кандай жооп беришпейт”, - деп айтты атын жашырган дарыгер.


Ошондой эле алар депутат Дастан Бекешевго бул абал боюнча кайрылышкан. Депутат вице-премьер-министр Аида Исмаиловага билдирген. Эл өкүлүнүн айтымында, вице-премьер Штабдын кийлигишип жатканы тууралуу маалыматты жокко чыгарып, бейтаптарды жаткыруу маселесине аралашпай турганын билдирген.


«Апрель» порталы Кыргыз-Түрк ооруканасынын байланыш номерлерин таба алган эмес, ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганда бул мекеменин бардык врачтары “кызыл аймакта” экенин айтып, суроолорго жооп бере алышпай турганын билдирген.


Ал эми депутат Дастан Бекешев врачтардан бул маселе тууралуу чындыгында кайрылуу келип түшкөнүн ырастаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн