Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 22:19:57
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Кыргыз аскерлери Тажикстанда ЖККУнун машыгуусуна катышып жатышат

14.10.2024 14:42
226
Кыргыз аскерлери Тажикстанда ЖККУнун машыгуусуна катышып жатышат


Кыргызстандын аскерлери Тажикстанда өтүп жаткан "Рубеж-2024" машыгуусуна катышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖККУнун машыгуусуна Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 50гө жакын аскер кызматчысы "Кант" авиабазасынан учуп кетишти.

"Тажикстандын "Харбмайдон" полигонунда Борбордук Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөр менен "Рубеж-2024" биргелешкен машыгуусунда ЖККУга мүчө мамлекеттин аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча аскердик аракеттерди даярдоо жана жүргүзүү маселелери иштелип чыгат", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн