Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 20:05
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

Кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык комиссиянын кеңешин өткөрүү талкууланды

15.06.2022 09:31
653
Кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык комиссиянын кеңешин өткөрүү талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов менен жолугушту.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү маселесин талкуулады.


Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кыргызстандын президентинин Азербайжанга расмий сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн