Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 16:26
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кыргыз балбандары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында "алыш" боюнча 4 алтын утту

02.10.2022 07:58
1457
Кыргыз балбандары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында  "алыш" боюнча 4 алтын утту

Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын  “алыш” бел боо күрөшү боюнча беттештер өттү.


Мелдеште Кыргызстандын улуттук курама командасы “алыш” бел боо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча 4 алтын, 2 күмүш жана 3 коло жеңип алды.


Эркектер арасында 60 кг салмак даражада Роман Сапаров, 80 кг салмакта Эсенбек Кудайбердиев жана 90 кг салмакта Ойбек Камулов, кыздар арасында 75 кг жогорку салмактагылар арасында Нагира Сарбагышева IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиондору аталышты.


Кыздар арасында 55 кг салмак даражада Самара Абдумалик кызы жана 60 кг салмакта Элза Абдыкадырова 2-орунду ээлеп, күмүш медалдардын ээлери болушту.


Ошондой эле 100 кг салмак даражада Орозбек Аширов, 100 кг жогоркулар арасында Муктарбек Калыбек уулу, ал эми кыздар арасында 75 кг салмак даражада Адина Нурматова 3-орунду ээлешти.


Эскерте кетсек, көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын 148 спортчусу 11 спорттун түрүнөн күчүн сыноодо: көк бөрү, алыш бел боо күрөшү, татар күрөш, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, таяк тартыш, көк пар жана салттуу жаа атуу. Ал эми көргөзмө оюн катары кыргыз күрөш жана тогуз коргоол кирген.


Белгилей кетсек, Түркиянын Изник шаарында башталган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-октябрга чейин уланат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн