Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргыз балбандары Киевде 2 алтын медалга ээ болду

28.02.2021 09:46
2093
Кыргыз балбандары Киевде 2 алтын медалга ээ болду

Бүгүн, 28-февралда Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү боюнча эл аралык турнирдин биринчи күндүк беттештеринин финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 00:30да старт алды.


Турнирге 97 килограмм салмакта катышкан Үзүр Жусупбеков финалда грузиялык балбан менен кез келмек. Бирок атаандашы алган жаракатынан улам күрөшө албастыгын билдирип, Үзүр Жусупбеков алтын медалга ээ болду.


Мелдешке 68 килограмм салмакта катышкан балбан кыз Мээрим Жуманазарова финалга чейин жетип, анда канадалык Оливия Ди Бакко аттуу балбан кыз менен кез келип, эсеп 1:1 болду. Кыргыз балбаны акыркы болуп ыкма жасагандыгы үчүн чемпион аталды.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Алмаз Айтпай
Элибиздин данкын чыгарган азаматтар.Кыргыз эли революция эле эмес башка эрдиктерди дагы жасай ала турганын далилдединер.МАНАС АТА колдосун.6