Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:57
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Кыргыз балбандарынын күрөшү КТРКнын чоң экранынан да көрсөтүлөт

03.08.2021 15:01
538
Кыргыз балбандарынын күрөшү КТРКнын чоң экранынан да көрсөтүлөт

Бүгүн, 3-августта Олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргызстандык балбандардын беттештери Коомдук каналдын имаратынын сыртында жайгашкан чоң экрандан көрсөтүлөт. Бул тууралуу КТРК башкы директорунун орун басары Улан Сатиев билдирди.


"Урматтуу спорт күйөрмандары!!! 

Токио Олимпиада оюндарын түз алып көрсөтүүлөрдү КТРКнын имаратында жайгашкан экранда “КТРК Спорт” каналы аркылуу бирге көрүүгө чакырабыз! 


Чоң экран алдында кызыктуу оюндарга бирге күбөө болуп, өлкө намысын коргогон спортчуларыбызды бирге сүрөйлү.


Бүгүн, 3-августта кыргызстандык балбандардын беттеш убакыттары:


Айсулуу Тыныбекова жарым финалдык беттеш 15:15


Акжол Махмудов финалдык беттеш 16:30


Мээрим Жуманазарова коло медаль үчүн беттеш 17:55. 


Эскерте кетсек, “КТРК Спорт” өлкөдөгү Олимпиада оюндарын көрсөтүү укугуна ээ болгон жалгыз телеканал",- деп билдирүү калтырган Сатиев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн