Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 12:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Кыргыз бир жамандыкта, анан бир жакшылыкта биригет, - Мелис Айдаркулов

03.07.2020 14:03
1180
Кыргыз бир жамандыкта, анан бир жакшылыкта биригет, - Мелис Айдаркулов


Кийинки кезде социалдык тармактарда да, теле менен радиодо да элге кайрылып, азыркы абалга байланыштуу көкүрөгүндөгү күйүтүн, омоктуу ойлорун, баалуу сунуштарын айткан мекендештер көбөйдү. Ичинде элге аттын кашкасындай таанылып калган аксакал-көксакалдар, чоң саясатчылар, илимпоздор, акын-жазуучулар, журналисттер жана жөнөкөй эле адамдар да көп. Аларды көрүп, касиеттүү Ысык-Көлдөн чыккан жети Акенин бири Сарт Акенин айтканы эске келет:



Аскар, аскар, аскар тоо,

Аягы барып чап болот.

Атадан алтоо болсо да,

Сүйлөшпөсө жат болот, – деген экен бир кезде кайран бабабыз.



Анын сыңарындай, кырк уруу кыргыз бүгүн бир атанын урпактары экенибизди эстеп, сөзгө келип, бири-бирибиз менен сүйлөшүп жатканыбыз, бүгүнкү турмушубуздун күңгөйүн да, тескейин да ачык айтып, кандай кылганда элдигибизди, журттугубузду, өлкөбүздү сактап калуунун жолун издеп, биригип жатканыбыз, бири-бирибизге күйүп жатканыбыз, бири-бирибизге жардам берели деп ниет буруп, кол сунуп жатканыбыз жакшы жөрөлгө. Биздин ата-бабаларыбыз ошенткен. Кыргыз бир жамандыкта, анан бир жакшылыкта биригет!



Пейилибизди тазартып, журт ичинде айкөлдүк, намыскөйлүк, ыймандуулук, калыстык, сабырдуулук, боорукерлик, жоомарттык, мээнеткечтик сыяктуу улуу баалуулуктарга негизделген өз ара мамилени бекемдөө зарылдыгын ар бирибиз жон терибиз менен сездик. Түшүндүк.



“Алтооң ала болсоң алдыңдагыны алдырасың, төртөөң төп болсоң төбөңдөгүнү аласың” дейт элибиз. Коомду коом кылып кармап турган ички өз ара ынак мамилелер, бекем карым-катнаштар. Адам болуп жаралгандан кийин бир кара курсактын кулу болуп, курсак тойгонго корстон болуп жүрө бере албайт экен, ал сөзсүз түрдө тууган арасындагы, кошуналар арасындагы, коом ичиндеги ынтымакка муктаж экен. 



Дүйнө элдеринин башына келген азыркы апаатты белгилүү бир саясатчыбыз төртүнчү дүйнөлүк согушка теңептир. Бул согушту ынтымак, биримдик менен гана жеңебиз!


Мелис Айдаркулов, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн