Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 19:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргыз бийлиги Centerra'га кошумча доо арыз менен кайрылат

22.10.2021 18:39
759
Кыргыз бийлиги Centerra'га кошумча доо арыз менен кайрылат

Кыргызстандын бийлиги Кумтөр кениндеги башаламан көмүлгөн таштандылар боюнча канадалык “Центерра Голд” компаниясына экологиялык санкция салып, алардын үстүнөн эл аралык сотко кайрылууга даярданып жатат. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова  билдирди.


“1995-жылдан 2015-жылга чейин таштандылардын баарын ар кайсы жерге көмө беришиптир. Анын арасында техникаларды, тагыраагы 25 автоунааны, көөмп салышыптыр. Азыр ошонун жарым-жартысын таптык. Калганын дагы издеп жатышат. Бул мыйзамга таптакыр туура келбейт. Ошону үчүн айыппул санкциясын коюшубуз керек, эсептелип бүткөндөн кийин калган процесс кетет. Эл аралык судьялардан лорд Хоффман деген судья тандалган. Азыр даярдык иштери жүрүп жатат”,-деди Кутманова.


Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия быйыл жазда "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарган. Натыйжада, 17-майда Жогорку Кеңеш “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Ошондон бери өлкөдөгү эң ири алтын кенди кыргыз бийлиги өзү иштетип жатат.


Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн