Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 14:51
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Кыргыз бийлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча чечимди кечиктирип жатат

11.06.2020 12:07
1909
Кыргыз бийлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча чечимди кечиктирип жатат


5-июнда Кытайдын Гансу провинциясынан Ташкентке багыт алган контейнер жүктөлгөн поезд жолго чыккан. Поезд Кашкарга чейин келет. Кыргызстандын Эркечтам бажы бекетинен Ошко чейин поезддеги жүктөр автоунаа менен жеткирилет. Оштон Ташкентке чейин жүк кайрадан поезд менен ташылат. Ташкенттен Гансу провинциясына да кайрадан жүк же товар алып келинет.

 

Бул багыттагы поезддин жолго чыгуусу менен Кытай Казахстан, Россияга кирбей туруп, Европага багыт алган жаңы жолдун ишке киргенин жарыялады. Бул багыттагы темир жолдун экинчи этабында Гансудан чыккан жүк Ташкенден кийин Түркмөнстан-Каспий аркылуу Стамбулга жана Европага барат.

 

Гансудан Ташкентке чейинки жол Казахстандын Хоргосу аркылуу каттаганга караганда 295 чакырымга жакын жана беш күнгө тез жетери аныкталган.

 

Бул эмнени билдирет?

 

Кытай менен Өзбекстан жүктү өз аймактары аркылуу поезд менен ташырын билдирет. Кыргызстанга келгенде гана автоунаага салынат. Демек,биздин жолдорго, экологияга зыян келет.

 

Кытай менен Өзбекстан мындай кадамга эмне үчүн барды?

 

Кыязы, кыргыз бийлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча чечимди кечиктирип жатат. Ага чыдабаган Кытай менен Өзбекстан өздөрүнө эң ыңгайлуу (анткени эң жакын) темир жол аркылуу ары-бери товар ташууну жолго коюп алышты...

 

Айданбек Акматов


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн