Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргыз дарыгерлери коронавирус боюнча окутуулардан өткөн, аны айыктыра алат, - министр

18.03.2020 11:30
729
Кыргыз дарыгерлери коронавирус боюнча окутуулардан өткөн, аны айыктыра алат, - министр


Кыргызстандын дарагерлери коронавирус боюнча атайын окуулардан өткөн жана дартты айыктыра алат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.


Анын айтуусуна карганда коронавирус жаңы илдет жана ага каршы вакцина жок. Бирок аны дарылоонун Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму көрсөткөн клиникалык жолу бар. Анын негизинде кыргызстандык дарыгерлер окутулган.


“Үйдө чоң адамдардан кичинекейлерге чейин колду самындап жууп, антисептикти ардайым колдонуубуз керек. Зарылчылык болбосо көп эл чогулган жерлерге барбоо зарыл. Үй режимин сактоо менен, карантинге таратылган мектеп окуучулары жана студенттерди үйдөн чыгарбоо керек. Жеке гигиенаны сактоо менен үйдү желдетип тазалап туруу керек. Бир жолу колдонулуучу каражаттар менен тазалаш керек. Ошондой эле, зарыл жумуш жок болсо командировкаларга барбоо керек. Карым-катнашты убактылуу токтотуп, учурашканда 2 метр аралыкты сакташ керек”, - деди Космосбек Чолпонбаев.


Ал ошондой эле тийиштүү дары-дармектин жетиштүү  экенин кошумчалады. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн