Бугу 05, 2024
Убакыт: 22:22
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргыз эл артисти Жылдыз Малдыбаева дүйнө салды

08.02.2022 16:43
643
Кыргыз эл артисти Жылдыз Малдыбаева дүйнө салды

Кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч композитор, профессор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КРнын эл артисти, “Даңк” медалынын ээси жана КР элге билим берүүсүнүн отличниги Жылдыз Малдыбаева Абдыласовна 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул туурадуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Жылдыз Малдыбаева 1946-жылы 6-июлда Фрунзе шаарында төрөлгөн.


Фрунзедеги П. Шубин атындагы музыкалык мектепти жана М. Куреңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. 1966-жылы У. Гажибеков атындагы Баку консерваториясында белгилүү композитор Кара Караевдин классынан билим алган. Эки жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, 1972-жылы бүтүргөн.


1969-жылдан Кыргыз мамлекеттик В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда (И. Арабаев атындагы университет) иштейт. Институттун алдында «Мурас» вокалдык-аспаптык ансамблин уюштуруп, элдик жана обончулардын, композиторлордун ондогон ырларын иштеп чыккан. Кыргыздын элдик музыкасынын өзөгүндө чыгармачылыгы калыптанган, лирикалык маанайдагы композитордун изденүүлөрү Кара Караевге арналган үч бөлүмдөн турган симфониясы, «Али баба жана кырк каракчы» балеттик сюитасында таасын көрүнөт. «Биздин мезгил», «Арноо», «Манас келди», «Рахмат турмуш», «Бишкек», «Ысык-Көл» ж. б. лирикалык, патриоттук ырлары угуучулардын сүйүктүү чыгармаларынан. Ондогон камералык-аспаптык чыгармаларынан фортепьяно үчүн 24 прелюдиясы, үч бөлүмдүү сонатасы, токкатасы, он миниатюрасы жана виолончель, гобой, фагот, флейта үчүн чыгармалары да угуучуларга белгилүү. «Күнөстүү арал» көркөм фильмине, «Июлда үч күн», «Менин шаарым жөнүндө повесть», «Төрт сүрөт», «Оюмдагы жомок» даректүү жана балдар фильмдерине да музыка жазган. 1985-жылы Москвада өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин 12-фестивалында диплом менен сыйланган. Софияда, Прагада, Бухарестте, Түркияда, Россияда чыгармалары угуучуларга тартууланган. «Ырлар», «Фортепьяно үчүн пьесалар» жыйнактары, камералык оркестр үчүн сюитасы ж. б. чыгармалары бар.


Ал СССРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз профессионал музыка искусствосунун негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев жана Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Батипа Малдыбаеванын кызы.


Маркумдун акыркы сапарга узаттуу тууралуу маалымат Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан кошумча маалымдалат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн