Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 21:17
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кыргыз эл артисти, режиссёр Геннадий Базаров 81 жашында дүйнө салды

06.02.2023 09:51
1784
Кыргыз эл артисти, режиссёр Геннадий Базаров 81 жашында дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын эл артисти, талантуу режиссер, кыргыз кино өнөрүнүн корифейи Геннадий Базаров 81 жашында дүйнө салды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.


Ал соңку жылдары "Кыргыз телефильм" чыгармачылык-өндүрүштүк кино-видео фирмасынын режиссеру, сценаристи болуп иштеп жаткан.


Базаров кыргыз кино өнөрүндө "кыргыз керемети" деп аталган гүлдөө доорун жаратуучулардын бири, кыргыз кино өнөрүнүн корифейи. "Саманчынын жолу" баштаган шедевр чыгармалардын режиссеру. Ал өмүрүнүн 65 жылдан ашуун мезгилин кино өнөрүнө арнаган.


Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы айылында жарык дүйнөгө келген.

СССРдин кинематографиясынын отличниги атактуу "Саманчынын жолунан" башка "Каныбек", "Жаңылуу", "Буктурма", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия" өңдүү мыкты фильмдерди жараткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн