Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:06
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Кыргыз эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнөдөн кайтты

31.05.2020 10:13
1465
Кыргыз эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнөдөн кайтты


Кыргыз улуттук маданияты орду толгус чоң жоготууга учурады. 85 жаш курагында живописчи, график, эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

Баатыр Жалиев 1935-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында туулган. 1964-жылы Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. 1968-жылдан бери СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

Баатыр Жалиев 1977–жылдан 1982-жылга чейин Кыргыз сүрөтчүлөр союзунун Ош облусу бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген.

Анын чыгармачылыгы өнөр жай жана айыл чарба темасына арналган. Ал өлкөдөгү эпкиндүү курулуштарды, элет жерлериндеги өзгөрүүлөрдү көркөм чагылдырып, мезгилдин кеңири полотносун жараткан. Сүрөтчүнүн «Өнөр жайлуу Ош» (1966), «Ош курулуп жатат» (1972), «Хайдаркан комбинаты» (1974) аттуу чыгармалары түштүк жергесиндеги кубаттуу ишканаларда иштеп жаткан жумушчуларды, алардын эмгегин, көркөм образын жаратып, кыргыз жумушчуларынын эсте каларлык галереясын түзгөн. Жанрлуу-портреттүү «Тогуз коргоол» (1974) чыгармасы Баатыр Жалиевдин чыгармачылык чоң жетишкендиги болуп эсептелет.

Баатыр Жалиевдин көркөм сүрөттөрү республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарга арзыган. Сүрөтчүнүн чыгармалары Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринин алтын фондунда сакталып турат.

Ал графика жаатында мыкты картиналардын циклин жаратты. Сүрөтчүнүн дүйнөтаанымы, көркөм эстетикалык чабыты, терең философиясы анын кыл калеми аркылуу кеңири чагылдырылган. Ал кыргыз интеллигенциясынын эсте калаарлык көркөм образдарын жаратып, улуттук сүрөт өнөрүн бийик деңгээлге көтөргөн.

Сүрөтчүнүн көп жылдык изденүүсү аркылуу улуттук сүрөт маданиятында “Сизизм” көркөм формасы жана агымы жаралган. Бул агымдын негиз салуучусу катары улуттук сүрөт өнөрүнө жаңы дем кошуп, өзүнүн сүрөтчүлүк “мектебин” жараткан. Сүрөтчүнүн эмгектери учурда өзүнүн үй-музейинен орун алган. Баатыр Жалиевдин өз демилгеси менен негиздеген үй-музейи 2012-жылдан бери иштеп келет.

Баатыр Жалиевдин сүрөтчүлүк таланты жогору бааланып, “Эмгектеги артыкчылык” медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ага Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү ардактуу наамы ыйгарылган.

Таланттуу сүрөтчү, кыргыз сүрөт өнөрүнүн классиктеринин бири Баатыр Жалиевдин жакын туугандарына терең кайгыруу менен көнүл айтабыз, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Баатыр Жалиевдин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

С.Ш.Жээнбеков, Д.А.Жумабеков, М.Д.Абылгазиев, А.Исмаилова, А.К.Жаманкулов, К.А.Исаков, У.Жылкыбаев, Т.Сарыбашев, Т.Садыков, Т.Усубалиев, В.Шестопал, Н.Конурбаев, К.Давлетов,А.Бейшенов, А.Осмонов, С.Төрөбеков, А.Каменский, М.Шарафидинов, С.Айтиев, Ж.Жакыпов, Л.Прыткова, А.Молдоакматова, Т. Кадырбаева, А.Момункулов, А.Мамбетказиева, М.Камчыбеков, Д.Алышпаева.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн