Бугу 09, 2024
Убакыт: 22:51
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргыз эли ынтымактын жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүүдө

30.04.2021 12:35
1534
Кыргыз эли ынтымактын жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүүдө

Коңшулаш Тажикстан бийлигинин котур ташы койнунда катылып жаткан экени акыры билинди. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны Душанбе шаарында өтүп жаткан маалда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал чыкты. Чырдын башы «Головной» тилкесиндеги электр мамыларына тажик тараптын видеокамераларды орното баштаганынан чыкканы да белгилүү. Акыркы маалыматтарга караганда кыргыз тараптан 134 адам жаракат алып, 13 адам каза тапты. Тажик тараптан азырынча так расмий маалымат жок.


Ошентип ойдо жок жерден коңшулаш Тажикстан Кыргызстандын чектеш аймактарына куралдуу кол салууга барды. Алардын бул аракети атайын алдын-ала даярдалганы да түшүнүктүү болуп калды. Бул тууралуу Борбор Азия чөлкөмү боюнча эксперт Аркадай Дубнов өтө таасын баасын берди. Анын айтымында, биринчиден ЖККУ уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны Душанбеде өтүп жатса, ошол эле убакта өкмөт башчы Татарстанда иш сапары менен жүрсө, ал эми УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев саламаттыгына байланыштуу Германияга кеткен кезинде ушундай куралдуу жаңжалдын чыгып жатканы, бул тажик тараптын кызыкчылыгына төп келип жатат. 


«Менимче бул аракеттерде карапайым адамдар курал катары эле колдонулуп жаткан болушу мүмкүн. Ошол куралды жогорку жактагылар жумушчу абалга алып келип койду. Бул жерде кайсы бир тарапка, кимдир-бирөөгө экинчи жактын ички саясатындагы туруксуздук кырдаалы жана саясий белгисиздигин пайдаланып, жеңишти камсыздай турган чакан согуш керек болуп турат. Бишкек башында чек ара көйгөйүн чечүүнүн жолдорун сунуштаган. Ошондо Тажикстан жетекчилиги ага аябай катуу каршы чыгып, эч кандай аймактарды алмаштыруу болбойт деген жооп кайтарганын эстегенде, менде расмий Душанбе маселени тынч жол менен чечүүнү каалабай, кырдаалды курчутуп, аскердик жол менен максатына жетүүнү көздөйт деген сезим болгон», - дейт А. Дубнов.


Ошентип коңшулаш Тажикстандын койнуна каткан котур ташы оркоюп көрүнүп калды. Алар Кыргызстандагы саясий кырдаалдын жетишээрлик туруктуу болбой жатканынан пайдаланып, «өздөрүнүн ынтымагы кетип турганда, өзүбүзгө керектүү жерлерди чакан согуш менен тартып алалы» деген планды коюшканын түшүндүк. Мындай кырдаалда өлкө ичиндеги саясий күчтөрдүн позицияларынын келишпестиги мааниге ээ эмес экенин да дароо түшүнө алдык. Биздин учурдагы башкы максат – ынтымак жана биримдик менен ата-бабаларыбыз мураска калтырып кеткен жерлерибизди сактап калуу болуп турат. Оппозициясы да, позициясы да, кызматсыз калганы да, кызматтагысы да баарыбыз биригип Кыргызстандын президенти, башкы кол башчы Садыр Жапаровдун алдына биригип, анын буйругун кынтыксыз аткарууга милдеттүү экенибизди бир ооздон айта баштадык.


Өлкөбүздүн бардык аймактарында ыктыярчылар чыгып, Баткен элине гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн каражаттар чогула баштады. Гуманитардык жардамдардын алды жетип калды. Азыр биз өлкөбүздүн ички саясатын талкуулабай, кимдир-бирөөнү кызматтан кетирүүнү ойлонбой, жерибизди коргоп, тынчтыкты орнотуу башкы маселе экенин түшүндүк.



Кыргыз эли байыртадан эле башына кыйынчылык түшкөндө бир муштумдай түйүлүп, бир адамдай сүйлөп келет. Бүгүн да ошол сапатыбызды көрсөтө алдык. Буюрса, жерибиз өзүбүздө калат, өлкөбүздө тынчтык орнойт. Бүгүнкү ынтымагыбызды жана биримдигибизди эч качан жоготпойлу.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн