"Жакшылыкка жамандык, кор адамдын иши" - дегендей тажик туугандар кыргыз элинин жакшылыктарын тез эле эстеринен чыгарып салганы дурус эмес...
Биринчиден, эгемендик алган 90-жылдары тажиктерде ич-ара жарандык согуш чыгып, бири-бирин кырып жатканда Кыргызстанга миңдеген миңдеген качкындар келди, биз аларды тосуп алып, көчөгө калтырбай жайгаштырып, башка чет өлкөгө чыгып кетем дегендерин татынакай узатып, бул жерде калгандарын кор кылбай бактык эле го... Алар кийин аман эсен кайра өз жерине кайтышты эле. Ушул эле коңшу Өзбекстан бир да качкынды киргизбей койгон. Муну кантип унутууга болот?
Экинчиден, 1997-жылдын май айында Тажикстандын расмий бийлигинин Рахмон жетектеген делегациясы менен оппозициясынын Абдулло Нури жетектеген делегациясы Бишкекте жолугуп, кыргыз тараптын ортомчулугу менен биринчи жолу саясий макулдашууга жетишкен. Бишкекте кол коюлган Протоколдун негизинде июнь айында Москвада эки тарап жарашууга келгени тарыхый чындык. Ошондон кийин Рахмон толук бийликке жеткен да. 1998-жылы Тегеранда оппозиция лидерлеринин бири Тураджон -заде менен мейманканада жолугуп калганда ал кыргыз тараптын, ошол учурдагы президент Акаевдин жарашууда ролу чоң болгонун айтты эле, ыраазычылык билдирип. Мунун кантип унутуп калууга болот?
Үчүнчүдөн, өзбектер менен мамилелери бузулуп, өзбек тарап тажиктерген барчу темир жолдон өйдө бузуп, эч кандай жүк өткөрбөй койгондо Тажикстанга азык-түлүк жана башка керектүү нерселер биз аркылуу ташылып калды да. А түгүл Эркечтам бажы өтмөгү аркылуу Кытайдын товарын биз аркылуу ташып, андан ары Афган жакка соодалап экономикасын бир топ эле көтөрүп алышты. Азыр болсо өзбек тараптан транспорт каттамы болуп, эркин жүк ташылып калганда бул жагы да унутулуп калганы өкүнүчтүү.
Албетте азыр Президент Рахмондун бийлиги бышык, а түгүл бийликти мурас катары уулуна өткөрүү процессин жүргүзүп жатат. Ушул учурда ички ыйкы-тыйкыны басып, бийликтин баласына өтүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн ага тутантып кайра өчүрүп тура турган сырткы чатак керек экендиги да жашыруун эмес. Бирок ошо жеке саясий кызыкчылыгы үчүн кыргыз элинин жакшылыктарын унутуп, эки элдин ортосуна терең жаракка салуу кыянаттык иш го дейм. "Эсиң барда этегиңди жап" - дейт кыргыз эли. Ушунчасында этегин жаап, эсине келбесе биздин ортомчулук менен бышыктап алган бийлигин мураскорго өткөрмөк турсун, биратоло кол жууп да калышы мүмкүн экендигин да унутпаганы дурус.
Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер
Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт
Пикирлер (1)