Бугу 09, 2024
Убакыт: 16:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин кадыр-баркына көлөкө түшүрүүгө жол бербейли

01.04.2021 10:26
832
Кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин кадыр-баркына көлөкө түшүрүүгө жол бербейли


Тажикстандын экс-тышкы иштер министри, генерал Хамрохон Зарифи Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин чек ара маселесине байланыштуу айткандарына жооп кылып, жөн гана жооп кылбастан элибиздин, мамлекетибиздин ар-намысына тийе тургандай, шылдыңдагандай маанайды жасаптыр. Анын жазгандарынын ар бирине токтолуп отуруунун кереги жок. Болгону ал өзүнүн бул билдирүүсү менен маданиятынын төмөндүгүн жана котур ташы койнунда жаткандыгын далилдеп салыптыр.


Баарынан кейиштүүсү, Хамрохон Зарифинин бул билдирүүсүн Кыргызстандын айрым маалымат каражаттары өздөрүнө жарыялап, анан аны социалдык түйүндөрдө бөлүшкөндөр болуп жатканы. «Ташиевге тажик генералы ушундай жооп кылыптыр, катуу айтып салыптыр» деген сыяктуу комментарийлерин да жазып жаткандар бар.


Биринчиден, Хамрохон Зарифи өзүнүн билдирүүсү менен Камчыбек Ташиевди эмес, Кыргызстанды, кыргыз элин шылдыңдап жатат. Дипломат болуп жүргөн экс-чиновниктин айта турган, жаза турган сөздөрү эмес эле. Анан анын жазганын өзүбүздүн маалымат каражаттарында жарыялап, аны кубаттап комментарий калтырып жаткандарды түшүнүү кыйын. Демек, андайлар өз элинин, өз мамлекетинин ар-намысын өзгөлөрдүн каалагандай тебелөөсүнө кубанып, кошо тебелешкенди сүйгөндөр десек болот.


Экинчиден, Камчыбек Ташиев Хамрохон Зарифинин мынчалык териге турганындай деле эч нерсе айткан эмес. Болгону өкмөттүк делегациянын башчысы катары чек ара маселесине байланыштуу сунуштарды тажикстандык кесиптеши Саймудин Сатторовичке эки тараптын делегациясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда тапшырган. Ал сунуштарга Тажикстандын расмий бийлиги кандай жооп кыла турганы да өздөрүнүн эркинде. Кыйнаган да, кыстаган да эч ким жок.


Андыктан Хамрохон Зарифи өзүнөн өзү «буулугуп», Кыргызстандын кадыр-баркына көлөкө түшүрүп, шылдыңдоого алганы анын буга чейин адекваттуу дипломат болгонунан да шек жаратып турат. Кыргызстан ар бир мамлекетти, өзгөчө коңшулаш мамлекеттерди сыйлайт, урмат-сый менен мамиле жасайт. Ал эми Хамрохон Зарифи сыяктуу эки элдин ынтымагын бузгусу келгендерге ыйман гана тилейбиз.


Сагынбек Сатыкеев


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн