Бугу 03, 2024
Убакыт: 02:13
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Кыргыз-эмират ТИМдеринин ортосундагы кеңешмесинин 1-жыйыны өттү

15.08.2023 15:07
146
Кыргыз-эмират ТИМдеринин ортосундагы кеңешмесинин 1-жыйыны өттү


Бишкек шаарында эки өлкөнүн консулдук кызматтарынын жетекчилеринин деңгээлинде консулдук чөйрөдөгү кыргыз-эмират Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кеңешмесинин 1-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө тараптар кызматташууну кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экенин ырастап, консулдук чөйрөдөгү кыргыз-эмират кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Бириккен Араб Эмираттарынын аймагына кирүү процедураларын жеңилдетүү, консулдук чөйрөдөгү укуктук-келишимдик базаны кеңейтүү, ошондой эле санариптештирүү тармакта тажрыйба алмашуу боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө басым жасалды.

Кеңешме конструктивдүү жана өз ара түшүнүшүү рухунда өттү, анын жыйынтыгында тараптар консулдук багытта эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо жөнүндө макулдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн