Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 19:26
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Кыргыз эпосунун негизинде жазылган түрк тилиндеги "Манас" китеби кыргызчага которулду

27.04.2021 13:05
631
Кыргыз эпосунун негизинде жазылган түрк тилиндеги "Манас" китеби кыргызчага которулду

Кечээ, 26-апрелде Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев профессор, доктор Хайреттин Ивгин жана Түркиянын Токат провинциясынын мурунку губернатору Айхан Насухбейоглу менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө профессор Х.Ивгин ушул эле аталыштагы кыргыз эпосунун негизинде жазылган жана буга чейин түп нускасы түрк тилинде жарыяланган "Манас" аттуу китебинин кыргыз тилине которулушу жана басылышы жөнүндө маалымат берди.

Китеп азербайжан жана өзбек тилдерине да которулган, жакында казак, түркмөн жана орус тилдерине которуп, басып чыгарууну пландаштырылууда. Автор белгилегендей, китептин кыргызча котормосу Түркиянын кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) жардамы менен басылып чыккан.

Өз кезегинде элчи Өмүралиев авторго "Манас" эпосун жана ошол эле учурда кыргыз маданиятын жайылтууга кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн