Бугу 05, 2024
Убакыт: 01:07
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргыз футбол союзунун жетекчилери Катардагы дүйнө чемпионатынын ачылышына катышты

21.11.2022 15:52
511
Кыргыз футбол союзунун жетекчилери Катардагы дүйнө чемпионатынын ачылышына катышты

Катардагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында өткөн ФИФАнын саммитине Кыргызстандын футбол союзунун жетекчилиги катышты. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.


ФИФАнын президенти Жанни Инфантино ФИФА-2022 аткаруучу саммитинде Дохада мүчө ассоциациялардын делегаттарына куттуктоо сөз сүйлөп, бардык катышуучуларды футбол аркылуу биригүү жана глобалдык оюнду өнүктүрүү үчүн биргелешип иштөөнү улантууга үндөдү.


Саммитте ФИФАнын кеңири спектри боюнча маалымат берилди. Делегаттар жылдын соңуна карата финансылык прогноздорду айтышты. Инфантино ошондой эле дүйнө жүзү боюнча COVID-19 пандемиясына жана башка кризистерге карабастан, ФИФАнын жыл жыйынтыгы боюнча кирешеси 7,5 млрд долларды түзөрүн, бул бюджетте каралгандан 1 млрд доллардан көп экенин айтты.


Кошумчалай кетсек, 32 команда катышкан футбол боюнча 22-дүйнө чемпионатынын ачылышына КФСтин президенти Медербек Сыдыков, CAFA’нын вице-президенти, КФСтин аткаруу комитетинин мүчөсү Дастан Конокбаев, КФСтин башкы катчысы Нурдин Букуев катышкан Кыргыз футбол бирикмесинин делегациясы да катыша алышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн