Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 10:05
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

04.02.2021 16:14
450
Кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Кечээ, 3-февралда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Экономика жана туруктуу өнүгүү» департаментинин директору Михаель Клор-Берхтольд менен онлайн форматта жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жолугушууда соода-экономикалык жана башка чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Жашыл Борбордук Азия» демилгесинин алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле, климаттын өзгөрүшү көйгөй боюнча Кыргызстан менен Германиянын эл аралык деңгээлдеги өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алмашуу болду.

Кыргызстандын элчиси Э.Абдылдаев Борбордук Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган натыйжалуу жана ишке ашырыла турган долбоорлордун негизинде Германиянын бул регионалдык демилгесин биргелешип жүзөгө ашырууга Кыргызстандын кызыкчылыгын белгиледи.

Мындан тышкары, элчи Э.Абдылдаев 2021-жылдын экинчи жарымында Кыргызстанда «Европа Бирлиги - Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумун» өткөрүү пландары жөнүндө маалымдады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн