Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргыз-герман кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары талкууланды

16.07.2021 15:43
988
Кыргыз-герман кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары талкууланды


 Үстүбүздөгү жылдын 14-июлунда Германиянын тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбор Азия боюнча жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлү Маттиас Люттенберг мырза менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында кыргыз-герман кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары талкууланды.


Эки мамлекет ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык, финансы-техникалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо, анын иченде ар деңгээлдеги өз ара иш сапарларды уюштуруу, Тышкы иштер министрликтердин ортосундагы кезектеги консультацияларын уюштуруу жана эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташуу талкууланды. Андан тышкары Германиянын тышкы иштер министрлигинин “Жашыл Борбор Азия” демилгесин ишке ашыруу тууралуу сөз болду.


Элчи Эрлан Абдылдаев Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абал тууралуу маалымат берип, герман тарап Кыргызстанга көрсөткөн көмөгү анын ичинде коронавирус илдетине каршы көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн