Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кыргыз-индия биргелешкен «Канжар – VIII» атайын багыттагы күчтөрүнүн машыгуусу өтүүдө

27.04.2021 09:51
626
Кыргыз-индия биргелешкен «Канжар – VIII» атайын багыттагы күчтөрүнүн машыгуусу өтүүдө

 2021-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10128 аскер бөлүгүнүн базасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 2021-жылга карата башкаруу органдарынын, кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин күжүрмөн даярдоо Планына ылайык, республикасынын аймагында кыргыз-индия биргелешкен «Канжар – VIII» атайын багыттагы күчтөрүнүн машыгуусунун ачылышы болуп өттү.


Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, машыгууда Кыргыз Республикасын КР КК Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн аскердик контингенти жана Индия мамлекетинин атайын багыттагы кошуундарынын аскерлери катышат.

Эки жума бою кыргызстандык жана индиялык атайын багыттагы бөлүкчөлөрүнүн аскер кызматчылары тоолуу шарттарда мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операцияга киргизүүгө даярдоонун маселелерин иштеп чыгышат.

Биргелешкен тренингдин планы боюнча тактикалык, тоо, аскердик-медициналык, ок атуу даярдыктары боюнча, чабуул учурунда имараттын ичиндеги аракеттердин тактикасы жана экстремалдуу шарттарга кептелгендеги жашоо аракетинин техникалары боюнча практикалык сабактар жүргүзүлөт.

Машыгуунун маданий программасынын алкагында индия аскер кызматчылары өлкөнүн тарыхый баалуулуктагы жерлери менен тааныштырылат.

Машыгуу буга чейинки окутуудагы бардык сабактарды практикалык бышыктоолор менен көрсөткөн тактикалык эпизод аркылуу жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек, атайын багыттагы кошуундардын «Канжар» биргелешкен машыгуусу аскер ведомстволор аралык эки достук мамлекеттеринде жыл сайын өтүүдө.

Былтыры машыгуу Индиянын аймагында өткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн