Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 18:22
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кыргыз ишкерлери медициналык коргоочу каражаттарды даярдоону бат үйрөнүштү

27.04.2020 16:10
1556
Кыргыз ишкерлери медициналык коргоочу каражаттарды даярдоону бат үйрөнүштү


Кыргызстандык ишкерлер медициналык коргонуу каражаттарын өндүрүүнү бат эле өздөштүрүп алышты, деп билдирди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев КТРКга берген маегинде.


Анын айтымында, учурда чакан жана орто ишкерчилик менен алектенген бизнес чөйрөсү өкмөткө келип, медициналык коргонуу костюмдарын, бет каптардын ири көлөмүн өндүрүп даярдап койгонун айтып, башка мамлекеттерге экспорттоого уруксат берүү боюнча жардам сурап жатышат.


Бүгүнкү күндө Кыргызстанды коргонуу каражаттары менен толук камсыз кылышты. Эми ири көлөмдө тигилип даяр болгонун айтып сыртка чыгарууну ниет кылып жатышат. Арасында антисептик каражаттарын өндүргөн ишкерлер да бар. Бир четинен ушундай бат өздөштүрүп, экономиканы колдоого салым кошуп жаткандарына ыраазы болсо болот. Биз аларга сертификация, лицензия жагынан жардам беришибиз керек. Өткөн жумада өкмөт тыюуну алып салды. Буюрса Москва менен келишим түзүп, ошол жакка экспортто алдында турушат”, - деп айтты Э.Асрандиев.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн