Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 23:00
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кыргыз-казак Маданият министрлери жолугушту

07.10.2021 14:08
2010
Кыргыз-казак Маданият министрлери жолугушту

Бүгүн, 7-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.


Жолугушуунун жүрүшүнө эки тараптын маданият жана искусство мекемелеринин жетекчилери жана Кыргызстан менен Казакстандын белгилүү маданият өкүлдөрү катышып, кыргыз-казак мамилелери, маданий-гуманитардык алакалар талкууланып, мамлекеттер ортосундагы алаканын негизги көпүрөсү болгон маданият тармагында ишке аша турган бир катар ойлор айтылып, биринчи кезекте ишке ашыра турган долбоорлор тууралуу маселелер ортого салынды.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кайрат Иманалиев Казакстан Республикасы менен кызматташуунун бардык деңгээлинде иш алып барууга кызыктар экендигин кошумчалап, Кыргызстанда өтө турган маданият күндөрүн ийгиликтүү өткөрүп алуу менен, жолугушууга келген чыгармачыл өнөр адамдарына ийгилик каалады.


Ал эми Казакстан Республикасынын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова Кыргызстанда өтө турган маданият күндөрүнө мыкты даярдыктар менен келгенин белгилеп, эзелтен кыргыз- казак элинин тарыхы жана маданияты бир экендигин кошумчалап, 2022 –жылга Кыргызстанды маданият күндөрү менен келүүгө чакырды. Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан менен Казакстандын Маданият министрлиги эки элди ынтымакка, достукка жана гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө багытталган бир катар орток иш- чаралар өткөрүп жаткандыгы айтылып, аны үзгүлтүксүз жана байма- бай улантуу керек экендиги баса белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн