Бугу 09, 2024
Убакыт: 23:14
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуу улантыла берет

16.03.2020 09:50
810
Кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуу улантыла берет


Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөштү. 


Анда кыргыз-казак кызматташтыгы, ошондой эле коронавируска байланыштуу жагдай талкууланды.


Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, өкмөт башчылар Казакстан Республикасында жарыяланган өзгөчө кырдаалдар абалындагы шартта кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. 


Тараптар мындан ары да эки өлкө элинин кызыкчылыгы үчүн маалыматтарды ыкчам алмашууну ишке ашырууга макулдашты.  


Эскерте кетсек, Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 8 кишиге жетти. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн