Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:38
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргыз-казак чек арасы толук ачылды

11.04.2022 12:16
491
Кыргыз-казак чек арасы толук ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинен тартып Казакстан чек арасындагы жүргүнчүлөргө койгон чектөөлөрдү жойду. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирет.


Маалыматка ылайык, 11нен 12-апрелге караган түнү саат 00:00дөн тартып Кыргызстандын жарандары мамлекеттик чек арадан "Ак-Жол унаа жолу" бекети аркылуу эч кандай жүйөөсү өтө башташты.


Кыргызстандын жарандары кыргыз-казак чек арасынан "Чалдыбар унаа жолу", "Ак-Жол унаа жолу", "Кең-Булуң унаа жолу" жана "Токмок унаа жолу" бекеттери аркылуу кесип өтө алышат.


Бош транспорт каражаттары чек арада жайгашкан "Кең-Булуң унаа жолу" бекетинен өтө алышат.


Чек арадан өткөн КР жана чет элдик жарандардын жанында акыркы 72 сааттын ичинде тапшырган ПЧР тесттин справкасы же болбосо COVID-19га каршы эмдөөнүн паспорту болушу керек.


КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы кошумчалагандай, Казакстандын көзөмөл-өткөрүү бекеттери аркылуу Россиянын аймагына кирүүгө ниеттенген Кыргызстандын жарандары Россиянын элчилигинде кирүү маселеси боюнча маалыматты тактоосу керек.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн