Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 14:13
USD
89.40
89.87
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Кыргыз-казак чек арасына жакын жерде капта илбирстин териси аныкталды

19.01.2022 13:29
590
Кыргыз-казак чек арасына жакын жерде капта илбирстин териси аныкталды

УКМКнын Чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары чек арадан алыс эмес жерден илбирс терисин аныкташкан. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы кабарлайт.


Маалыматка ылайык, чек ара ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргызстандын Чүй облусунун Чалдыбар айылынын Казакстан менен чектеш аймактарына көз салуу учурунда мамлекеттик чек араны көздөй бара жаткан кап көтөргөн эркек адамды байкаган.


Чек ара ыйгарым укуктуу өкүлү чек ара бузуучусу туралуу дароо эле чек арачыларга кабар берип, өзү болсо аны кууп жетүүгө аракет кылган. Чек ара бузуучусу аны кармаганы келе жатканын көрүп капты мамлекеттик чек арадан алыс эмес жерге ыргытып жиберип, өзү Кыргызстандын аймагында жашырынып калган.


Окуя орун алган жерге жетип келген чек арачылар каптан илбирстин терисин жана баш сөөгүн аныкташкан. Чек ара тарамдары кош аракеттенген органдар менен биргеликте ыкчам издөө жана башка тиешелүү иш-чараларды алып барышууда.


Тиешелүү иш кагаздары толтурулгандан соң илбирстин терисин жана баш сөөгүн мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдын кызматкерлерине өткөрүп беришти.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн