Бугу 13, 2024
Убакыт: 00:25
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргыз-казак чек арасында 500дөн ашык унаа токтоп турат. Себеби түшүндүрүлдү

05.10.2023 15:59
315
Кыргыз-казак чек арасында 500дөн ашык унаа токтоп турат. Себеби түшүндүрүлдү


Бүгүн, 2023-жылдын 5-октябрында “Ак-Тилек-автодорожный” жана “Кең-Булуң-автодорожный” өткөрүү пункттарынын алдында жүк ташуучу унаалардын топтолушу катталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.


Саат 14:00гө карата мамлекеттик чек араны кесип өтүү үчүн кезекте 569 автоунаа турат, анын ичинен:

- «Ак-Тилек-автодорожный» – 395 автомашина,

- “Кең-Булуң – автожол” – 121 техника,

- «Чалдыбар-автодорожный» – 53.


«Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жүк ташуучу унаалардын топтолушуна күз мезгилине мүнөздүү жүк ташуулардын, өзгөчө Кыргызстандан башка өлкөлөргө экспорттолгон айыл чарба продукцияларынын көбөйүшү себеп болууда», — деп айтылат маалыматта.


Автотранспорттун топтолушу циклдүү.


Чек ара кызматы кыргыз тарап да, казак тарап да эч кандай чектөө койбогонун жана өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн