Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:55
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргыз-казак чек арасында эмне үчүн жүк ташуучу унаалардын кезеги пайда болгону тууралуу маалымат берилди

27.05.2021 13:40
1404
Кыргыз-казак чек арасында эмне үчүн жүк ташуучу унаалардын кезеги пайда болгону тууралуу маалымат берилди

 27-майда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде Казакстанга кирүү үчүн 80дей автоунаа кезекте турат.  Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.


Мекеменин маалыматына ылайык, мындай узун тыгын экономика жанданып оор жүк ташыган автоунаалардын көбөйүшүнө дагы байланыштуу. Негизинен Кыргызстандан коңшу мамлекетке, андан ары КМШ өлкөлөрүнө жана Европага жашылча-жемиш ташылып жатат.


Чек ара кызматы Казакстандын жана эпидемиологиялык абалы туруктуу дагы 33 мамлекеттин жарандарына, ошондой эле жүк ташуучу унаалардын кыргыз тарапка өтүүсүнө эч кандай чектөө жок экенин кошумчалады.


Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана унаалардын тыгыны жок.


“Ак-Тилекте” кезек күткөн айдоочулар “Азаттыктын” кабарчысына бекетте 26-майдан бери турушканын, алар ПЧР тесттин 72 сааттык мөөнөтү өтүп кетсе кайра артка кайтарыларын айтып беришти.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн