22-апрелде саат 07:00гө карата "Ак-Тилек" постунда кезекте 90 оор жүк ташуучу унаа турат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, “Ак-Тилек” чек ара постунда жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 31 жана 33-чакырымдарында 16-апрель күнү төрт даана чатыр орнотулуп, сегиз куткаруучу, тез жардам кызматынан бир бригада жана үч милиция кызматкери нөөмөттө турат.
Кечээ, 21-апрель күнү 130 айдоочуга тамак-аш берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн