Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган унаалар өтө албай турат, - Иманалиев

02.06.2020 14:13
1094
Кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган унаалар өтө албай турат, - Иманалиев


Казакстан менен чек арабызда үч күндөн бери жүк ташыган унаалар өтө албай турат. Бул тууралуу депутат Каныбек Иманалиев бүгүн, 2-июндагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында.

 

Буга байланыштуу ал, комитет жыйынында Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы эл аралык ишмердүүлүккө тиешелүү маселелерди күн тартибинен алып салууну сунуштады.   

 

Депутаттын айтымында, өкмөт ыкчам түрдө ЕАЭБдин катчылыгына нота жибериш керек. “Муну менен катар мамлекеттик чек арадагы абал чечилмейинче аталган биримдикке тиешелүү бардык маселени кароону комитет четке кагышы зарыл”, – деп кошумчалады ал.


Комитет төрагасы Исхак Пирматов Каныбек Иманалиевдин сунушун добушка салып, депутаттар толук колдошту.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн