Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргыз-казак чек арасында унаалардын узун тыгыны пайда болду

06.04.2022 17:39
585
Кыргыз-казак чек арасында унаалардын узун тыгыны пайда болду

Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери штаттык режимде иштеп жатат. Бул туралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 6-апрель саат 15:30га карата “Ак-Тилек” бекетинде 200гө жакын жүк ташуучу унаа турат. Ал эми “Чоң-Капка” пунктунда 80 унаа, “Чалдыбар” бекетинде 60 унаа,”Кең-Булуңда” 65 унаа токтоп турат.


“Казак тараптын пунктардан унааларды кое беришинин кечендешинен улам чек арада унаалардын кезеги пайда болууда. Кыргыз-казак чек аранын башка пунктарында унаалардын токтоп турушу байкалган жок”, - деп айтылат маалыматта.


Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн