Бугу 13, 2024
Убакыт: 02:40
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” бекетинде 500 унаа кезекте турат

20.11.2023 12:50
210
Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” бекетинде 500 унаа кезекте турат


Бүгүн, 20-ноябрь саат 11:00гө карата кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Ак-Тилек - автожол” бекетинде унаалардын топтолуусу байкалууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык "Ак-Тилек" постунун алдында 500гө жакын унаа кезекте турат.

Белгиленгендей, өткөн суткада Кыргызстандан Казакстанга 280 унаа өткөн.

“Жүк ташуучу унаалардын топтолушу Кыргызстандан башка өлкөлөргө айыл чарба продукциясын экспорттоонун сезондук өсүшү менен байланыштуу болууда”, - деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, жаныбарлар жана тез бузулуучу азык-түлүк менен өткөн транспорт каражаттары өткөрүү жайынан кезеги жок өткөрүлөт.

Ведомстводон кошумчалашкандай, Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы тарабынан да, Казакстандын УКК Чек ара кызматы тарабынан да жүк ташуучу транспорт каражаттарына эч кандай чектөөлөр жок.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайлардын бардыгы штаттык режимде иштеп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн