Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргыз-казак чек арасындагы Чу дарыясынын жээгин бекемдөө тапшырмасы берилди

22.05.2023 13:59
287
Кыргыз-казак чек арасындагы Чу дарыясынын жээгин бекемдөө тапшырмасы берилди


21-май күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара чеги болуп саналган Чу дарыясынын жээгин бекемдөө иши менен жеринен таанышты.


 Маалым болгондой Чу дарыясынын жээктери борпоң топурак жана кум-шагыл болгондуктан суу жеп, азыркы учурда дарыянын нугу Кыргызстандын аймагына жылган. Буга ылайык аталган дарыянын жээктерин бекемдөө боюнча Президент Садыр Жапаров тарабынан бекитилген иш-чаралар планынын негизинде, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2023-жылга карата “Авариялык калыбына келтирүү” иш-мерчемине киргизилген. 

     

Бүгүнкү күндө Чу дарыясынын сол жээгин бекемдөө боюнча биринчи кезекте курулуш иштерин жүргүзүүгө жалпы 5 объект каралып, анын 2 объектисинде иш баштоо үчүн, мамлекет тарабынан 50 млн. сом акча каражаты бөлүндү. Алар:


 - Сокулук районунун Камышановка айыл аймагына караштуу чек ара мамычасы жайгашкан КРнын аймагын коргоо боюнча Чу дарыясынын жээгин бекемдөө;

- Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айыл аймагына караштуу КРнын территориясын Чу дарыясынын ташкын сууларынан коргоо.


Өз кезегинде министр Ажикеев Чу дарыясынын жээктерин бекемдөө ишин кечиктирбестен эки аптанын ичинде баштоого тапшырма койду.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн