Бугу 15, 2024
Убакыт: 14:17
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келет (фото)

05.06.2020 08:52
1121
Кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келет (фото)


Кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев «Актилек автожол» көзөмөл-өткөрүү жайында өткөн көчмө жыйында билдирди, деп маалымдашты өкмөттөн.

Анын айтымында, Казакстан менен чектешкен чек арада көптөн бери кыйынчылыктар болуп келүүдө. Абал былтыртан бери начарлап кетти. 300-400 унаа көп күндөн бери кезек күтүп турат.

«Мен жеке өзүм айдоочуларды Казакстандын чек арасынан Кыргызстанга өткөрүү тартибин көрдүм. Ал паспорттук көзөмөлдөн, андан аркы көзөмөлдөө үчүн медицина кызматкерлеринин анкеталык маалыматтарын топтоодон, вирустун бар-жогуна анализ тапшыруудан турат. Андан соң жүк ташуучу Кыргызстандын аймагында тесттин жыйынтыгын күтөт. Өлкөгө кирүү тартиби дагы татаал эмес. Ал эми казак тараптан бардыгы жай жүргүзүлүүдө», - деди вице-премьер-министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн