Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 06:21
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Кыргыз-казак өткөрмө бекетинде 180 жүк ташуучу унаа кезек күтүп турат

22.02.2022 12:00
598
Кыргыз-казак өткөрмө бекетинде 180 жүк ташуучу унаа кезек күтүп турат

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрүү жайлары кадимки тартипте иштөөдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирет.


Маалыматка ылайык, 22-февралда саат 10:30га карата кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү жайында транспорт каражаттарынын тыгыны байкалды. Чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө кезекте 180 оор жүк ташуучу автоунаа турат. Анын 60 автоунаасы жүк үчүн жөнөтүү документтерин күтүп жатышат.


"Жогорудагы өткөрүү жайында жүк ташуучу унаалардын тыгыны жүк ташуулардын көбөйүшү менен байланыштуу", - деп айтылат билдирүүдө.


Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинен башка өткөрүү жайларында адамдардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны катталган жок.


УКМКнын Чек ара кызматы бош жүк ташуучу унаалар Кыргызстандан Казакстанга “Кең-Булуң” көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу чыга аларын эскертет.


Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн