Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 02:14
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу “Бейиш эненинтаманында” тасмасы Россияда кеңири прокатка чыгат

09.04.2024 11:35
742
Кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу “Бейиш эненинтаманында” тасмасы Россияда кеңири прокатка чыгат


Кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу Руслан Акун тарткан "Бейиш эненин таманында" тасмасы 11-апрелден тарта Россияда кеңири прокатка чыгат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.


Ага ылайык, фильмди Голливуд тасмаларын "сүйлөткөн" россиялык саунд-актерлор коштогон.


Аталган кино психикалык өнүгүүсү артта калган 35 жаштагы адамдын жана анын 75теги апасынын Меккеге сапарын баяндайт. Тасма Кыргызстандан тышкары Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Сауд Араб өлкөсүндө тартылган.


Кино Казакстанда 21-мартта прокатка чыкса, Өзбекстанда 11-апрелде чыгат. Ошондой эле тасманы түрк жана араб тилдерине которуу пландалып жатканы кошумчаланды.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Алтынай
Бейиш киносунун автору идеясы Кимге таандык