Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө пункттары убактылуу жабылат.
Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, бекеттер кытай тараптын демилгеси менен Кытайда “Ажыдаар кемеси” майрамына байланыштуу жабылат.
“Бекеттер 10-июнь күнү убактылуу жабык болот. Транспорт, жүк ташуучу унаалар жана жөө жүргүнчүлөрдү 11-июндан тарта өткөрө баштайт”, - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн