Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:31
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргыз-кытай чек арасы качан ачылат? - Чек ара кызматы жооп берди

13.03.2020 14:10
2327
Кыргыз-кытай чек арасы качан ачылат? - Чек ара кызматы жооп берди


Кыргыз-кытай чек арасы качан ачыларын Кыргыз өкмөтү чечет. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү Нурлан Жалбиев маалымат жыйында  билдирди.


Анын айтуусуна караганда учурда чек арадагы көзөмөл бекеттеринде коронавирусту алдын алуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. 


Мындан сырткары журналисттер Кытайда коронавирус боюнча кырдаал жөнгө салына баштаганын, мындан улам кыргыз-кытай чек арасын ачуу боюнча маселе каралган каралбаганын сурады.  


Ага Жалбиев Кыргыз-кытай чек арасы коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам убактылуу жабылганын, ал качан ачылары Кыргыз өкмөтү тарабынан республикалык штабда каралгандан кийин чечилерин айтты. 


Дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктуруп алгандар 125 миң адамга жетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн