Баш оона 22, 2025
Убакыт: 11:17
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

31.12.2020 08:57
677
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
1-январдан тарта Кыргыз-кытай чек арадасындагы өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.

“Жаңы жылга байланыштуу, Кытай тараптын демилгеси менен, 2021-жылдын 1-январынан тартып мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай бөлүгүндө жайгашкан Торугарт-автожолу жана Иркештам-автожолу өткөрүү пункттары убактылуу жабылат” , – деп айтылат билдирүүдө.

Торугарт-автожолу көзөмөл-өткөрүү пунктунан унаалардын жана жүктөрдүн өтүүсү 2021-жылдын 4-январында, ал эми Иркештам-автожол постунда 2021-жылдын 2-январында улантылат.

Мамлекеттик чек ара кызматы Торугарт-автожолу жана Иркештам-автожолу өткөрүү пункттары Кытайдан Кыргызстанга жүк ташууну гана камсыз кылган атайын алгоритм боюнча иштей тургандыгын эске салды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн