Кыргыз-кытай чек арасы 1-4-октябрь күндөрү иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, "Торугарт-унаа жолу" жана "Эркечтам-унаа жолу" өткөрмө бекеттери Кытай тараптын демилгеси менен Кытай Эл Республикасы негизделген күн жана "Күз ортосу майрамына" карата убактылуу жабылат.
Чек ара кызматы билдиргендей, аталган эки көзөмөл-өткөрмө бекети 5-октябрдан тарта иштей баштайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн