Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат, - деп кабарлайт КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы.
Билдирүүгө ылайык, кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттери 2022-жылдын 1-3-январь күндөрү транспорт каражаттарын жана жүктөрдү алып өтүүгө убактылуу жабык болот.
"Аталган көзөмөл өткөрүү жайлары 2022-жылдын 4-январынан тарта атайын алгоритм боюнча Кытайдан Кыргызстанга транспорт каражаттары менен жүктөрдү гана алып өтүүгө ишин улантат", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн