Түштүктөгү “Эркечтам” өткөрмө бекетин ачуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтуусуна караганда Кытай тарап менен тийиштүү адамдар онлайн форматта сүйлөшүлөрдү жүргүзгөн.
“27-мартта нота жөнөтүлгөн. Түштүктөгү “Эркечтам” өткөрмө бекетин ачуу үчүн, 10 күндөн бери Кытай менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Жакынкы күндөрү ачылып калат деп ишенебиз”, - деди Асрандиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн