Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 09:12
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” өткөрүү пункту ачылат

19.07.2024 14:10
392
Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” өткөрүү пункту ачылат


Президент Садыр Жапаров “Биргелешип 1996-жылдын 6-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек арада өткөрүү пункттарын ачуу жана алардын режими тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кошумча макулдашууну түзгөн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин ортосундагы 2024-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Алмашуу ноталарында кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” өткөрүү пунктун ачуу каралган, ал өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга, товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилелерин өнүктүрүүгө, анын ичинде “Бир алкак - бир жол” долбооруна Кыргыз Республикасынын катышуусунун алкагында эки өлкөнүн чек ара кызматташтыгына оң таасирин тийгизет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн