Бугу 05, 2024
Убакыт: 16:47
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргыз-кытай чек арасында дагы бир нече ирет жер титирөө катталды

Кыргыз-кытай чек арасында дагы бир нече ирет жер титирөө катталды


Кыргыз-кытай чек арасында жер титирөө уланууда.

Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, күн мурун күндүзгү саат 10:59да жана 14:14тө күчү 4 баллга жеткен эки жер титирөө катталган. Бүгүн түнкү саат 02:01де 6 баллга жакын, саат 04:38де күчү 4,5 баллга жеткен жер силкинүү болду.

Андан тышкары, бүгүн эле таңкы саат 06:17де жана 07:55те очогунда күчү 4 баллга жеткен эки жер титирөө катталды.

Кыргызстандын Бедел (4,5 балл), Ак-Шыйрак (4 балла), Ыштык айылдарында жана Кумтөрдө (4 балл) жер силкинүү сезилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн