Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 16:10
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргыз-кытай чек арасында жүк ташуучу унаалар эмне себептен топтолгон?

04.04.2023 17:08
363
Кыргыз-кытай чек арасында жүк ташуучу унаалар эмне себептен топтолгон?

Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркештам" жана "Торугарт" өткөрүү бекеттери штаттык режимде иштеп жатканын кабарлайт.


Мекемеден билдиришкендей, өткөрүү бекеттеринде жүк ташуучу унаалардын топтолгону байкалууда.

 Кытай тарап коронавирустук чектөөлөрдү алганынан улам мындай абал байкалууда.


Акыркы 12 саат ичинде эки өткөрүү бекетинен жалпысынан 628 жүк ташуучу унаа өткөн.


Чек ара кызматы абалга байланыштуу 24 саат бою тынымсыз иштеп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн