Бугу 02, 2024
Убакыт: 00:11
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер жабылат

31.03.2021 15:35
560
Кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер жабылат

 Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 3-апрелден тарта убактылуу жабылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин  чек ара кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Кытайдын “Цинмин” салттуу майрамынын майрамдалышына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 3-апрелден 5-апрелге чейин убактылуу жабылат.

“Унаалардын жана товарлардын өтүүсүнө 6-апрелден баштап уруксат берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери атайын алгоритм менен иштөөдө. Бекет аркылуу Кытайдан Кыргызстанга бир гана товарлар өтүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн